БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. UFC чемпиону, кыргызстандык Валентина Шевченко тартылган Bruised ("Сабалган") тасмасы Канада өлкөсүндө өтүүчү Торонто эл аралык кинофестивалында (TIFF2020) көрсөтүлөт. Бул тууралуу тасманын режиссеру, АКШлык актриса Холли Берри өзүнүн instagram баракчасына жазды.
"Менин режиссердук дебютум быйыл TIFF2020 (Toronto International Film Festival) кинофестивалында көрсөтүлөт экен. Муну коомчулукка жар салып, аябай толкунданып турам. Сентябрда көрүшөбүз", — деп жазган режиссер.
Аталган тасма былтыр декабрь айында тартылып бүткөн. Валентина Шевченко аталган фильмде терс роль аткарып, башкы каарман Холли Берринин атаандашы болот.
53 жаштагы Холли Берри роль жаратып жаткан учурда Шевченконун соккуларынан сөөктөрү сынганын да айтып берген.