Жээнбеков менен Москвага баргандардын кимисинен COVID табылганы айтылды

Москва шаарында Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына арналган аскердик парадга катышуу үчүн кыргызстандык делегация 23-июнь күнү учуп кеткен.
Sputnik

БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Москвада өтчү парадга катышуу үчүн Сооронбай Жээнбеков менен барган президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыковдон жана күзөт кызматынын бир кызматкеринен коронавирус аныкталды. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Толгонай Стамалиева билдирди.

Буга чейин делегациянын эки өкүлүнөн вирус табылгандыктан, президент парадга катышпай коюуну чечкендиги тууралуу кабарланган.

“Алгоритмге ылайык, делегация мүчөлөрү тест тапшырган. Жыйынтыгы эки адамда вирус бар экенин көрсөттү”, — деди Стамалиева.

Белгилей кетсек, ушул тапта Москва шаарында Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына арналган аскердик парад өтүп жатат. Бул жылы коронавирус пандемиясынан улам Москва шаарында Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына арналып 9-май күнү өтө турган иш-чаралардын бардыгы кийинкиге жылдырылган эле. Ал эми Жеңиш парады 24-июнга белгиленген болчу.