Путин: совет эли нацизмди кыйратканын эч качан унутпайбыз

Путин ал убакта советтик жоокерлерге согуш дагы, башка өлкөнү басып алуу дагы, даңк-урматка ээ болуу дагы маанилүү деп эсептелбегенин белгиледи.
Sputnik

БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Совет эли дүйнөнү коргобосо жашоо кандай болмоктугун элестетүү кыйын. Бул тууралуу Россиянын президенти Владимир Путин Кызыл аянттагы Жеңиш парадында сүйлөп жатып билдирди.

"Советтик жоокерлерге согуш дагы, башка өлкөнү басып алуу дагы, даңк дагы керек эмес болчу. Биз совет эли нацизмге каршы күрөштүн оорчулугун башынан өткөргөнүн унутпашыбыз керек. Бул ыйык парз. Биздин эл биримдик менен, зор кайрат менен бул апаатты жеңе алган", — деген Путин.

Президент белгилегендей, советтик жоокерлер акырына чейин баатырдыгын көрсөтүп, ал жолду басып өтүшкөн.

Москва шаарындагы Жеңиш парады. Видео
Белгилей кетсек, Москва шаарында Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына арналган аскердик парад өттү. Бул жылы коронавирус пандемиясынан улам Москва шаарында Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына арналып 9-май күнү өтө турган иш-чаралардын бардыгы кийинкиге жылдырылган эле. Ал эми Жеңиш парады 24-июнга белгиленген болчу.

Кызыл аянттагы парадга 13 миңден ашык аскер катышып, 234 заманбап жана аскер техникасы тартылды.