БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков баштаган Кыргызстандын делегациясы бүгүн, 24-июнда, Москва шаарынан кайтып келди. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
"Санитардык-эпидемиологиялык иш-чаралардын алгоритмине ылайык, делегация мүчөлөрү коронавирус инфекциясына кайрадан анализ тапшырышты. Буга чейин белгилегендей, алардын бардыгы, анын ичинде мамлекет башчы дагы анализдери чыкканга чейин үч күндөй өз алдынча обочолонууда болушат", — деп айтылган маалыматта.
Мурда анализдеринде илдет аныкталгандар 14 күн обочолонууга алынары айтылды.
Бүгүн Москвадагы Жеңиштин 75 жылдыгына арналган аскерий парадга катышуу үчүн барган кыргыз делегациясынын эки өкүлүнөн коронавирус аныкталгандыктан, президент иш-чарага катышпай эле коюуну чечкен. COVID-19 аныкталгандар президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков жана күзөт кызматынын кызматкери болуп чыкты.
Белгилей кетсек, буга чейин пландаштырылган график боюнча президент Сооронбай Жээнбековдун Россияга кийинки иш сапары, ошондой эле Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына карата Россия тараптын чакыруусу менен 30-июнга белгиленген. Бул күнү Ржев шаарында 1941-1945-жылдарда Улуу Ата Мекендик согушта каза болгон кыргызстандык аскерлердин эстелигинин расмий ачылышы пландаштырылган.