Оштун жака белиндеги Кең-Сай конушу өзгөчө шаарчага айланат. Эскиз

Конуштан жер тилке сатып алган 3 125 жаранга бир типтеги турак жай салуу үчүн шаар бийлиги көмөктөшөт. 
Sputnik

БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Ош шаарынын “Кең-Сай” конушуна ири текстиль фабрикасы салынып, бирдей үйлөр курулуп, өзгөчө шаарчага айланат. Бул туурасында калаа мэриясынын маалымат кызматы кабарлады.

Бүгүн, 24-июнда, Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов конушка бир типтеги турак жайларды куруу боюнча долбоорду техникалык кеңешмеде талкуулаган. Аны менен катар эле текстиль фабрикасынын курулушунан кабар алганы айтылат.

“Текстиль фабрикасын салуу үчүн жеке ишкерлерге 35 гектар жер бөлүнгөн. Учурда курулуш иштери кызуу жүрүп жатыптыр, шаар күнүнө карата биринчи этабын ишке берүүнү пландап жатышат. Анда 4 500 жумуш орду түзүлөт. Ал эми 2021-жылы толугу менен бүтсө, 11 миң адам иш менен камсыздаларын билдиришти”, — деди Сарыбашов.

Ошондой эле мэр аталган конуштан 3 125 жаран жер тилке алып, 2 177синин архитектуралык иш-кагаздары бүткөндүгүн кошумчалады. 

Ош шаарынын 3D картасы түзүлүп, бир нече электрондук кызматтар ишке кирет
“Кең-Сай конушун өзгөчө шаарчага айландыруу боюнча атайын долбоор даярдалган. Банктар менен сүйлөшүп, ыңгайлуу шарттар менен акча каражатын алып берип, бир типтеги заманбап үйлөрдү курууну пландаштырып жатабыз. Учурда жердин ээлери менен да сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Курулган үйлөрдө толук шарттар түзүлүп, ипотекалык негизде ишке ашат. Анткени жер тилкесин алгандардын айрымдарында үй курууга шарты жок болушу мүмкүн. Арзандатылган баада турак жай салып берсек, жашоочуларга жардам болот”, — деди шаар башчысы.

Фабрика курулган аймакта социалдык объектилер салынып, жашоочулар үчүн бардык шарттар түзүлөт.