Ооруга каршы турам деп... Өлкөдө дагы 25 медик коронавирус жуктуруп алды

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медицина кызматкерлери арасында 629 учур катталды. Алардын ичинен 389 ак халатчан стационарлардан айыгып чыккан.
Sputnik

БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Кыргызстанда бир сутка ичинде 25 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталды. Бул тууралуу брифинг учурунда саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Таластагылар айыга баштады. Коронавирусту дагы 28 киши жеңип чыкты
Анын айтымында, илдет жармашкандардын сегизи Бишкектен, бешөө Чүй облусунан, бешөө Ош шаарынан, төртөө Ош облусунан, экөө Нарын облусунан жана бирөө Таластан.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медицина кызматкерлери арасында 629 учур катталды. Алардын ичинен 389 ак халатчан айыгып чыккан.