Москвадагы Жеңиш парадын коноктор аралыкты сактап көрөт

Крылова белгилегендей, Москванын Кызыл аянтындагы эки трибуна 1 089 адамды батыра алат. Дагы бири 150 кишиге ылайыкташкан.
Sputnik

БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Москвада өтө турган Жеңиш парадынын конокторун аралыкты сактап тургузуш үчүн атайын чийиндер белгиленген. Бул тууралуу РИА Новости президенттин иш башкармалыгынын маалымат катчысы Елена Крылованын айтканына таянып кабарлады.

Крылова белгилегендей, Кызыл аянттагы эки трибуна 1 089 адамды батыра алат. Дагы бири 150 кишиге ылайыкташкан.

"Конокторду бири-бирине жакын тургузбай, алардын коопсуздугун сактоо максатында атайын белгилер бар. Кызыл аянт жасалгаланып, брусчаткага майрамдык чийиндер чийилди", — деди Крылова.

Москвадагы Жеңиш парадына кызуу даярдык. Сүрөттөр
Буга чейин Россия президенти Владимир Путин 24-июнь күнү Москванын Кызыл аянтында Жеңиш парады өтөрүн жар салган.

Бул жылы коронавирус пандемиясынан улам Москва шаарында Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына арналып 9-май күнү өтө турган иш-чаралардын бардыгы кийинкиге жылдырылган эле.

Кечээ Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков майрамдык иш-чарага катышуу үчүн Россияга учуп кеткен.

Параддан Кыргызстандын да жоокерлери басат.