Президенттер Белгисиз жоокердин мүрзөсүнө гүлчамбар коюшту. Видео

Кызыл аянттагы Жеңиш парады аяктаган соң Россиянын президенти Владимир Путин кесиптештери менен Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондордун эстелигине гүлчамбар коюшту.
Sputnik

Мамлекет башчылары Александровский бакчасына барып, согушта курман болгондорду эскерип, аза күтүштү.

Жүрөк толкуйт! Москвадагы Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына арналган параддын сүрөттөрү
Бул жылы коронавирус пандемиясынан улам Москва шаарында Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына арналып 9-май күнү өтө турган иш-чаралардын бардыгы кийинкиге, тагыраагы, 24-июнга жылдырылган эле.

Жеңиш парадына катышкан сыйлуу коноктордун ичинде Абхазия, Белоруссия, Казакстан, Молдова, Тажикстан, Өзбекстан жана Түштүк Осетиянын президенттери болду.

Кыргызстан президенти Сооронбай Жээнбеков да Жеңиш парадына катышуу үчүн Москва шаарына учуп барган. Бирок аны коштоп барган делегация өкүлдөрүнөн коронавирус табылгандыктан, салтанаттуу иш-чараларга катыша албай калды.