Ошто коронавирус жуккан бир киши көз жумду

Ош облустар аралык ооруканасында 1972-жылы туулган жаран көз жумду. Ушуну менен өлкө боюнча вирус жуктурган соң каза тапкандардын саны 42ге жетти.
Sputnik

БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Акыркы суткада Кыргызстанда коронавирус жуктурган бир киши каза болду. Бул тууралуу брифинг учурунда саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

“Ош облустар аралык ооруканасында 1972-жылы туулган жаран көз жумду”, — деди Каратаев.

Ушуну менен өлкө боюнча вирус жуктуруп каза болгон адамдардын саны 42ге жетти.