Таластагылар айыга баштады. Коронавирусту дагы 28 киши жеңип чыкты

Республика боюнча жалпы 2 082 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. Акыркы суткада сакайгандардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаары менен Ысык-Көл облусунда жашагандар.
Sputnik

БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Акыркы суткада Кыргызстанда коронавирустан 28 киши сакайып чыкты. Бул тууралуу брифинг учурунда саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

“Алардын ичинен жетөө Бишкек шаарынан, бирөө Ош шаарынан, бешөө Чүй облусунан, экөө Нарын облусунан, үчөө Баткен облусунан, алтоо Ысык-Көл, экөө Ош, экөө Талас облусунан”, — деди Каратаев.

Республика боюнча жалпы 2 082 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.