"Кыргыз почтасы" ишин жандантып, 24 өлкөгө аманат кабыл ала баштады

Эл аралык почталык алмашуулар жумасына бир жолу аткарылып турат. Буга байланыштуу аманаттар кечирээк жетиши мүмкүн.
Sputnik

БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасы 24 өлкө менен ишин жандантты.

Белгилей кетсек, коронавирус пандемиясына байланыштуу почта кызматтары 18-мартта 40 мамлекет менен, 27-марттан баштап дүйнөнүн бардык багыттары боюнча ишин токтоткон.

"Салмагы эки килограммга чейинки бандероль, чакан баштык, почта карталары, кат, баалуу делген каттарды жөнөтүүгө болот. Ошондой эле атайын "М" мүшөктөрүнө салынган кагаз, китеп, журналдар кабыл алынат. "М" мүшөгүндөгү жүктүн салмагы 14,5 килограммдан ашпашы керек", — деп айтылат маалыматта.

"Унаа" ишканасы менен 20 калкты тейлөө борбору ишин жандантты
Эл аралык почталык алмашуулар жумасына бир жолу аткарылып турат. Буга байланыштуу аманаттар дарегине мурдагыдан кечирээк жетиши мүмкүн.

Почта кызматтары Австрия, Азербайжан, Улуу Британия, Венгрия, Грузия, Италия, Кытай, Бельгия, Дания, Испания, Латвия, Литвия, Нидерланд, Болгария, Молдова, Польша, Өзбекстан, Россия, Украина, Германия, Финляндия, Франция, Чехия жана Швейцария мамлекеттери менен ишин баштады.