Кыргызстанда дагы 207 адам коронавирус жуктуруп алды

Вирус жуккан жаңы учурлар күндөн-күнгө көбөйүүдө. Шаар бийлиги эгер абал жакшырбаса, кайра чектөөлөр кирерин айтып жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Бүгүн Кыргызстанда дагы 207 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу брифингде саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

  • Бишкек – 92;
  • Чүй облусу – 35;
  • Ош шаары – 43;
  • Ош облусу – 28;
  • Нарын облусу – 5;
  • Жалал-Абад облусу – 1;
  • Ысык-Көл облусу – 2;
  • Талас облусу – 1.

Ушуну менен өлкөдө коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 3726га жетти.