COVID жуктурган 979 кишинин оорусу белгиси жок өтүп, үйүндө дарыланууда

Ооруканада дарыланып жаткандардын ичинен 42 бейтаптын абалы оор экени айтылды. Ошондой эле 12 киши жандандыруу бөлүмүндө жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Өлкөдө коронавирус жуктуруп алган 979 адамдын оорусу белгиси жок өтүп жаткандыктан, үйлөрүндө дарыланууда. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Анын айтымында, ооруканаларда азыркы тапта 623 киши дарыланып жатат.

"Алардын ичинен 42 бейтаптын абалы оор, 12 киши жандандыруу бөлүмүндө дарыланууда", — деди Каратаев.

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 3 726га жетип, анын ичинен 2 082си айыгып үйлөрүнө чыгарылды. Тилекке каршы, коронавирус аныкталгандардын арасынан 42 бейтап көз жумду.