Бишкекте бир суткада 60 миң бет кап чыгарган цех ачылды. Сүрөттөр

Атамекендик ишкерлер бет кап чыгаруучу 160 миң долларлык заманбап жабдууларды сатып алып, орнотушкан. Цехте суткасына 50-60 миң даана бет кап өндүрүлөт, алар европалык стандартка дал келери айтылды.
Sputnik

БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Бишкекте суткасына 60 миңдей бет кап чыгарган цех ачылып, анын ачылыш аземине вице-премьер Аида Исмаилова катышты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, атамекендик ишкерлер бет кап чыгаруучу 160 миң долларлык заманбап жабдууларды сатып алып, орнотушкан. Цехте суткасына 50-60 миң даана маска өндүрүлүп, алар европа стандартына дал келери айтылды.

Цехтин ачылыш аземинде вице-премьер өндүрүштө жумушчу орундары мындан да көбөйөрүн айткан.

"Пандемияда чек ара жабылып, импорт кескин кыскарды. Мындан улам атамекендик өндүрүштү өнүктүрүү актуалдуу болуп калды. Экономиканы көтөрүш үчүн атамекендик инвесторлорду тартып, өлкөдө чыгарылган продукцияны ЕАЭБдин рынокторуна экспорттоону колдоого алабыз. Бул өндүрүштүн баштапкы баскычында 25 жумуш орду түзүлгөн, эми мындан ары да штатты кеңейтүү жана бет каптын түрүн көбөйтүү пландалууда", — деди Исмаилова.

Бет каптан тышкары FFP3 стандарты боюнча № 95 респираторлорун чыгаруу пландаштырылып жатканы кошумчаланды.