АКШ жылдын аягына чейин виза менен грин-кард берүүнү токтотот

Мындай чаралар ар кыл кесиптер менен тармактардын өкүлдөрүнө тиешелүү болот. Ал айыл чарбасынан тарта илим жана технологияга чейин экени айтылды.
Sputnik

БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. АКШ жылдын аягына чейин виза менен грин-кард берүүнү токтотот деп билдирди Sputnik International.

АКШ: грин-карта берген мекеме акчасыз калуу коркунучунда турат
Мындай документке АКШ президенти Дональд Трамп кол койгон. Ак үй бул кадам америкалыктардын жумуш менен камсыздалышына көмөктөшүү жана коронавирустун кесепети тийген экономиканы кайра калыбына келтирүү үчүн жасалып жаткандыгын айтты.

Бул чектөөлөр келерки жылы да уланышы мүмкүн. Азыркы тыюу салуу бардык тармактарда — айыл чарбасынан тарта илим жана технология жаатына чейин экендиги айтылды.

Трамптын мындай кадамын бир нече компаниялар, анын ичинен SpaceX менен Twitter да сындап чыкты. Бизнес чөйрөнүн өкүлдөрү бул чечимдин жүздөгөн америкалыктарга жумуш ордун таап бере коюшунан күмөн санагандыгын билдиришти.