COVID: Бишкектин ооруканаларында орун жетиштүүбү

Саламаттык сактоо министринин орун басарына баш калаанын ооруканаларында COVID-19 жуктургандарды дарылоо үчүн орун жетиштүүбү деген суроо берилди.
Sputnik

БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Коронавирус илдетине кабылган сыркоолорду дарылоо үчүн Бишкек шаарындагы медицина мекемелеринде 330 орун бар. Мындай маалыматты саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев брифингде берилген суроолорго жооп берип жатып билдирди.

Анын айтымында, Республикалык жугуштуу оорулар клиникасында 204 орун, Кыргыз-түрк "Достук" ооруканасында 71 жана №6 шаардык ооруканада 60 орун даярдалган.

Акыркы маалда Кыргызстанда COVID-19 жуктурган учурлар көп катталууда.

Коронавируска чалдыккандардын жалпы саны республика боюнча 3 726га жетти. 42 киши каза болуп, 2 082 жаран сакайып чыккан.