Трамп экс-президент Обаманы мамлекеттик чыккынчылыкка айыптоодо

ФБР Трампка каршы иликтөөсүн 2016-2017-жылдары демократ-президент Барак Обаманын тушунда жүргүзгөн.
Sputnik

БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп экс-президент Барак Обаманы мамлекеттик чыккынчылыкка айыптап чыкканын бүгүн РИА Новости жазды.

"Бул мамлекеттик чыккынчылык. Алар менин шайлоо кампанияма тыңчылык кылганын мурда эле айткам. Көрсө мен туура айткан экенмин", — деди Трамп CBN News телеканалына берген маегинде.

Президент АКШнын атайын кызматы 2016-жылы өткөн шайлоо алдындагы кампаниясына байкоо жүргүзгөнүн бир канча жолу белгилеген.

Facebook Дональд Трамптын постун автордук укукту бузду деп өчүрүп салды
АКШнын Федералдык иликтөө бюросу (ФБР) Трампка каршы "Ураган перекрестного огня" деп аталган изилдөө иштерин 2016-2017-жылдары демократ-президент Барак Обаманын тушунда жүргүзүшкөн.

Тергөөчүлөр ошол кездеги президенттикке талапкер Трамп шайлоодо жеңип чыгуу үчүн Россиянын бийлиги менен сүйлөшүүгө барган-барбаганын аныктоого аракет кылышкан.

Кийинчерээк бул маселени 2019-жылы көз карандысыз прокурор Роберт Мюллер изилдеп, мындай сүйлөшүү болгон деген шектенүүгө далил жок деп тыянак чыгарган.

Россия менен Трамп бул айыптоолорду таптакыр четке кагып, АКШ президенти аны саясий оюн деп сыпаттаган.