БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков Москвадагы ири аскердик иш-чарага катышуу үчүн учуп келди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
"Президент Сооронбай Жээнбеков Россиянын башчысы Владимир Путиндин чакыруусу боюнча Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгын майрамдоого арналган иш-чараларга катышуу үчүн Москвага конду", — деп айтылат маалыматта.
Иш сапардын алкагында мамлекет башчы Москванын Кызыл аянтындагы аскер парадына, ошондой эле Кремль дубалындагы белгисиз жоокердин күмбөзүнө гүлчамбар коюу аземине катышат.
Эскерте кетсек, 9-майда өтчү салтанаттуу парад коронавирус пандемиясынан улам 24-июнга жылдырылган болчу.
Бул ири аскердик салтанатка Кыргызстандын Улуттук гвардиясынын 75 жоокери катышат.