"Улуу Ата Мекендик согуш, ага катышкан, жеңиш үчүн жанын аябаган ар бир адамдын жаркын элеси биз үчүн ыйык", — деди Россиянын президенти Владимир Путин.
Бүгүн Россия тарыхты оңдоп жазууга жол бербей, майдан талаасында жана тылда жан үрөгөн, эркиндик жана бакубат турмуш үчүн күрөшкөн Советтер Союзунун элин унутпоого чакырат.