Путин июлда дагы 16 жашка чейинки балдарга он миң рублдан берет

Буга чейин 16 жашка чейинки балдары бар ата-энелерге 270,2 миллиард рублдан ашык акча которулган. Ошондой эле үч жашка чейин наристеси бар бүлөлөргө колдоо көрсөтүлгөн.
Sputnik

БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Россия лидери Владимир Путин 16 жашка чейинки балдарга июль айында дагы он миң рублдан берүүнү тапшырды. Мындай колдоо 28 миллион балага көрсөтүлөрүн РИА Новости жазды. 

Путин: эч ким камкордуктан сыртта калбайт
РФ башчысы бүгүн элге коронавирус темасында кайрылуу жасады. Анын маалымат жыйыны түз эфирден көрсөтүлдү.

Буга чейин бирге толо элек наристелерден тарта 16 жашка чейинки балдары бар ата-энелерге 270,2 миллиард рублдан ашык акча которулган. Дагы 207,5 миллиард рубль үч жаштан 16 жашка чейинки балдарга берилген. Ошондой эле үч жашка чейинки балдары бар бүлөлөр беш миң рублдан алышкан. Которулган каражаттын жалпы суммасы 62,7 миллиард рубль болду.