Абактан бошогондорду социалдык адаптация кылуу үчүн постпенитенциардык пробация колдонулат. Бул тууралуу Руслан Романов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, бул абактан чыккан адам кайрадан мыйзам бузбашы үчүн көрүлгөн аракеттер.
"Эгерде пенитенциардык пробация адамдын жаза өтөп бүтөрүнө бир жыл калганда колдонулса, абактан бошотулгандан кийин постпенитенциардык пробация колдонулат. Азыр жашоо өтө тездик менен өзгөрүүдө. Мындан улам абакта болгон адамдар коомго аралаша албай калуусу толук ыктымал. Ошол себептен постпенитенциардык пробация иштелип чыккан. Абактан чыккан кишиге маалыматтык, документалдык, укуктук жана психологиялык көмөк көрсөтүлөт. Эгерде документтери жоголуп кетсе же мөөнөтү өтүп кетсе, алар калыбына келтирилет. Мындан тышкары, айрым укуктарынан ажырап калышы ыктымал. Мисалы, улгайган адам болсо пенсия алуу, жөлөк пул, мурас же турак жайга болгон укуктарын калыбына келтирүүгө жардам көрсөтүлөт. Мунун баары Пробация департаменти жана башка тийиштүү адистер тарабынан жасалат", — деди Романов.
Ошондой эле ал эгер абактан бошотулган адам медициналык жардамга муктаж болсо, аны камсыздоо багытында иштер жүргүзүлө турганын кошумчалады.