БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Учурда курч респиратордук вирустук инфекция (КРВИ) менен сасык тумоо тараган жок, элде коронавирустун белгилери болуп жатат. Бул тууралуу Sputnik агенттигине Саламаттык сактоо министрлигинин штаттан сырткаркы башкы пульмонологу, профессор Талант Сооронбаев билдирди.
Белгилей кетсек, социалдык тармактарда коронавирус менен бирге КРВИ жана сасык тумоо дагы тарап жатканын жазгандар болууда.
"Азыркы абал коронавирус инфекциясы күч алып жатканынан гана кабар берет. Биринчиден, дүйнөдө коронавирус пандемиясы болуп жатканы факт, экинчиден, жайында сасык тумоо менен КРВИ анчейин катталбайт жана өпкөсүнөн жабыркагандар мынчалык көп болбойт. Үчүнчүдөн, бир үй-бүлөдөн же топтошкон адамдардан илдет чыгып жатат. Демек, коронавирус элге бат тарап, ден соолукту бат талкалай турганын тастыктап турат. Азыр бизде ооруп калгандар көчөгө ээн-эркин чыгып, башкаларга жуктуруп жатат. Биз башка нерселерди ойлоп, өзүбүздү алдабашыбыз керек", — деди ал.
"Бул үчөөнүн көбүнчө симптомдору окшош. Маселен, бейтаптын дене табы көтөрүлөт, жөтөлөт, чүчкүрөт, алы кетет, тердейт, кээде ичи өтүп, муундары ооруйт. Бирок коронавирустун берки экөөнөн айырмасы — адам жыт менен даамды сезбей калат. Ошондой эле эки өпкөсү тең пневмония болот. КРВИ менен сасык тумоодо адатта бир өпкө жабыркайт", — деди дарыгер.
Өлкөнүн башкы пульмонологу коронавирус карыгандар менен өнөкөт оорусу барлар үчүн коркунучтуу экенин белгилеп, жарандарды гигиена эрежелери менен социалдык аралыкты сакташын эскертти.