Ылдамдыгы жүрөк түшүрөт! Жалал-Абадда кафени күү менен келип сүзгөн жолтандабастын видеосу

Кырсыктын кесепетинен мас айдоочу жаракат алып, облустук оорукананын сынык-жараат бөлүмүнө жаткырылгандыгы маалымдалды.
Sputnik

ОШ, 23-июн. – Sputnik. Сузак районундагы Таш-Булак айыл аймагынын Ынтымак айылында Lexus LX570 автоунаасын мас болуп айдаган киши жол четиндеги кафенин дубалын сүзүп, кырсыкка учураган. Бул маалыматты облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн өкүлү Айбек Сатыбалдиев тастыктады.

Маалыматка ылайык, окуя 20-июнда таңкы саат 05:20 чамасында Ынтымак айылында болгон.

Видео "Короче" Телеграм-каналына жарыяланды.

Cузакта жүк ташуучу автоунаа өрттөнүп кетти. Сүрөт, видео
Сузак районунун Багыш айыл аймагынын Кызыл-Туу айылынын 34 жаштагы тургуну өзүнө таандык Lexus LX570 үлгүсүндөгү автоунаасын айдап бара жатып, мас болгондуктан рулга ээ боло албай жолдон чыгып кеткен. Ошол жердеги кафенин дубалын сүзүп, жолтандабас тегеренип, 20 метрдей аралыкка сүрүлүп барып токтоп калган.

Кырсыктын кесепетинен айдоочу жаракат алып, облустук оорукананын сынык-жараат бөлүмүнө жаткырылган. Ал эми дубалы урап түшкөн кафенин 63 жаштагы С.Х. аттуу ээси милицияга арыз менен кайрылган.