Кыргызстанда мамкызматта канча адам иштей турганы айтылды

Статкомдун маалыматы боюнча, 19 миң мамлекеттик кызматкердин 60,8 пайызы эркектер, 39,2 пайызы аялдар.
Sputnik

БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Кыргызстанда 19 миң адам мамлекеттик кызматтарда иштейт. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Аталган цифраларга коргонууну, коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылган органдар киргизилген эмес. Себеби ал жашыруун маалымат катары сакталат.

Статкомдун айтканы боюнча, 19 миң мамлекеттик кызматкердин 60,8 пайызы эркектер, 39,2 пайызы аялдар.

Былтыр кыргызстандык ишкерлер канча киреше тапкан. Статистика
Анын ичинен саясий (депутат, өкмөттүн мүчөлөрү, аким, облус башчысы) жана атайын (судья) кызматта иштегендердин 75,4 пайызы эркектер, 24,6 пайызы аялдар. Ал эми административдик кызматты (аппаратта, министрлик, ведомстволордо) аркалагандардын 60,1 пайызы эркек, 39,9 пайызын аялдар түзөт.

Мамлекеттик кызматкерлердин дээрлик жарымы (48 пайызы) Бишкек шаарында эмгектенет.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында 10 миңге жакын адам эмгектенет, алардын 8 миңге жакыны мэриянын кызматкерлери. Муниципалдык кызматкерлердин жалпы санынын үчтөн бир бөлүгүн аялдар түзөт.