Мамлекеттик карыздын бөлүгүн төлөөнү министрлик 2022–2024-жылдарга жылдырууда

Финансы министрлиги мамлекеттик карыздан кутулуунун мөөнөтү боюнча Париж клубунун кредиторлору менен сүйлөшүү жүрүп жаткандыгын айтты.
Sputnik

БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Кыргызстандын тышкы карыздарынын бир бөлүгүнөн кутулууну 2022–2024-жылдарга жылдыруу пландалып жатат. Бул тууралуу брифингде финансы министри Бактыгүл Жээнбаева маалымдады.

Министр бул оор иш экенин, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө бир топ эле убакыт кетерин айтты.

"Биздин Париж клубунун кредиторлору менен төлөмдөрдү 2022–2024-жылдарга жылдыруу боюнча келишимибиз бар. Бул жаатта иш жакында эле башталды. Карызды жылдыруу эле эмес, аны тереңирээк реструктуризациялоо боюнча да сүйлөшүүлөрдү жүргүзөбүз", — деди Жээнбаева.

Тышкы карыз көйгөйү кантип чечилет? Жээнбековдун сунуштарына түшүндүрмө
Ал "тереңирээк реструктуризация" түшүнүгү ар кандай болушу мүмкүн экендигин айтты. Маселен, бул толугу менен кечип салуу же "жашыл" экономика боюнча, социалдык же башка жардам боюнча программа алмашуу да болушу мүмкүн.

Эске салсак, буга чейин тышкы карызды төлөөгө 16,2 миллиард сом кетери маалымдалган. Доллардын курсу өскөндүктөн анын көлөмү 18,1 миллиард сомго чыгып кеткен.