Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылмай болду

Эске салсак, аталган пункт апрель айынын ортосунда жүк ташуу үчүн ачылган. Ага чейин Кыргызстан менен Кытайдын чек арасы коронавирус кооптуулугунан улам февраль айынан бери жабык болчу.
Sputnik

БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Кыргыз-кытай чек арасындагы "Эркечтам" өткөрүү пункту 25-июндан 28-июнга чейин убактылуу жабылат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты.

ЕАЭБ өлкөлөрү Кытайга темир жол аркылуу айыл чарба азыктарын ташый алат
Билдирмеге ылайык, бул күндөрү Кытайда Ажыдаар кайыктарынын фестивалы же "күрүч майрамы" белгиленет. Өткөрүү пунктундагы кыймыл 29-июндан баштап жандана турганы айтылды.

Эске салсак, аталган пункт апрель айынын ортосунда жүк ташуу үчүн ачылган. Ага чейин Кыргызстан менен Кытайдын чек арасы коронавирус кооптуулугунан улам февраль айынан бери жабык турган.