Корея, Япония жана Филиппинде калган кыргызстандыктар алып келинди

Мекендештерди Алматыдан бери атайын уюштурулган транспорт менен Бишкекке алып келип, обсервацияга жаткырышкан.
Sputnik

БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Корея, Япония жана Филиппиндеги Кыргызстандын 19 жараны Бишкекке алып келинди. Бул туурасында Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, ТИМ казак тарап менен макулдашып, Кореядан төрт, Япониядан алты жана Филиппинден тогуз мекендештин үйүнө кайтып келүүсүнө көмөк көрсөткөн.

Алар катардагы каттамдар менен Токио жана Манила шаарларынан Сеулга келишкен. Андан бери Казакстандын Air Astana авиакомпаниясынын чартердик учагына отуруп Алматыга келген. Мекендештерди ал жактан атайын транспорт менен Бишкекке алып келип, обсервацияга жаткырышкан.