Сүйлөбөй жатат. Хабиб коронавирус жуктурган атасынын абалын айтты

Майдын башында Абдулманап Нурмагомедов Москвадагы клиникалардын бирине жаткырылган. Ага эки тараптуу пневмония деген диагноз коюлуп, андан кийин инсульт алган.
Sputnik

БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. UFC уюмунун чемпиону, россиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов коронавирус жуктуруп ооруканага түшкөн атасы Абдулманап Нурмагомедовдун азыркы абалы тууралуу айтып берди.

Майдын башында Абдулманап Нурмагомедов Москвадагы клиникалардын бирине жаткырылган. Ага эки тараптуу пневмония деген диагноз коюлуп, андан кийин инсульт алган.

"Атамдын абалы азыр деле оор, реанимациядан чыга элек. Вирус өзү кеткени менен бөйрөктү, жүрөктү жабыркатты. Коронавирусту ойлоп эми тынчсыздануунун кажети жок. Мен атама барып жатам, таанып жатат, бирок аппаратка туташкандыктан сүйлөшө албай жатабыз. Күн сайын жарым саат жанында болгонго уруксат беришет, көргөндө колун кармайм. Мен андан "ата, мени таанып жатасызбы?" десем, ал "ооба" дегендей башын ийкейт", — деген Нурмагомедов Биринчи каналга берген маегинде.

Чемпион чемпионго каршы... Нурмагомедов менен Гэтжинин беттешчү күнү айтылды
Хабиб белгилегендей, атасын иш билги дарыгерлер карап жатат.

"Ак халатчандарга алкыш, мен аларды дүйнөдөгү эң мыкты дарыгерлер деп эсептейм. Эми азыр убакыт керек деп ойлойм. Оорунун кесепети оор тура, андан кийин организмдин калыбына келиши да узак убакытты талап кылат экен", — деген спортчу.

Абдулманап биринчи кезекте Хабибдин атасы, экинчиден, аны спортто бийиктикке жеткирген машыктыруучу болуп саналат. Анын колунан чыккан мушкерлер азыр белгилүү уюмдарда күч сынашып келет.