Алмазбек Атамбаев 11 жыл 2 айга эркинен ажыратылды

Судья Эмилбек Каипов Атамбаевди күнөөлүү деп таап, өкүм чыгарды. Сотко процессине мурдагы президенттин өзү катышкан жок.
Sputnik

БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Бүгүн Биринчи май райондук сотунда Батукаевдин иши боюнча сот болуп, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 11 жыл 2 айга эркинен ажыратылды.

Мындай өкүмдү судья Эмилбек Каипов бүгүн, 23-июнда чыгарды. 

Алмазбек Атамбаев 11 жыл 2 айга эркинен ажыратылды

Соттун өкүмү менен мурдагы президент 11 жыл 2 айга эркинен ажыратылды. Аны менен катар үй мүлкү конфискацияланып, мамлекеттик бардык наамдары менен сыйлыктары артка чакыртып алынды.

Буга чейин мамлекеттик айыптоочу Атамбаевди 15 жылга эркинен ажыратууну сураган.

Жараянга мурдагы президент өзү катышкан жок. Буга чейинки процессте сот Атамбаевдин тартипти бузгандыгы үчүн залдан чыгарылганы кабарланган. Мындан сырткары, экс-президент бир нече ирет сот жараяндарына катышуудан баш тартып, залдан чыгып кеткен.

Батукаевдин иши

Кримтөбөл атыккан Азиз Батукаев 18 жылга эркинен ажыратылып Нарындын №24 абагында отурган. Бирок 2013-жылы оор дартка кабылганына байланыштуу бошотулуп, Грозныйга учуп кеткен.

Башкы прокуратура: спецназ жоокери Атамбаевдин куралынан өлгөнү аныкталды
2014-жылдын 20-майында КР Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы Батукаевге эл аралык издөө жарыялаган. ИИМдин маалыматы боюнча, учурда Батукаев курал-жарак сактаганы үчүн үч жылга кесилип, Чечен Республикасында жаза мөөнөтүн өтөп жатат.

2019-жылы апрелде Азиз Батукаевдин иши кайра жанданды. Анын бошотулушу боюнча бир катар мурдагы аткаминерлер менен дарыгерлер да суракка чакырылып, кээси камалган. Ал эми мурунку башкы прокурор Аида Салянова, ошол кездеги вице-премьер Шамил Атаханов жана саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева, мурунку башкы прокурор Индира Жолдубаева тергөө менен кызматташууга макул болуп үй камагына чыгарылган.