Өзгөндө 19 жаштагы жигит селкинчектен кулап каза болду. Кырсыктын видеосу

Жабырлануучу Өзгөн райондук аймактык ооруканага жеткирилип, бирок өзүнө келбей каза болгон. Жакындары сөөктү соттук-медициналык экспертизадан өткөрүүдөн баш тартышкан.
Sputnik

ОШ, 22-июн. – Sputnik. Өзгөн районунда 19 жаштагы жигит селкинчектен кулап каза болду. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Жеңиш Аширбаев билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 20-июнь күнү саат 22:00 чамасында катталган.

Кырсык болгон учурдун видеосун "Короче" Telegram-каналы жүктөдү. 

Өзгөн шаарынын 19 жаштагы тургуну Сарахсий көчөсүндөгү эс алуу багында селкинчек тээп жатып, кокусунан жыгылып кеткен.

Өзгөн райондук аймактык ооруканага жеткирилип, бирок өзүнө келбей каза болгон. Жакындары сөөктү соттук-медициналык экспертизадан өткөрүүдөн баш тартышкан.

Райондук ички иштер бөлүмү тарабынан текшерүү иштери башталды. Комплекстүү текшерүүнүн жыйынтыгында эс алуу жайынын ээсине мыйзамдуу чара көрүлөт.