Сирияда согушкан. Ошто эл аралык террордук уюмдун мүчөсү колго түштү

Кармалган киши 2014-2017-жылдар аралыгында Сириянын аймагында болуп, анын аскерлерине каршы куралдуу жаңжалдарга катышып келген.
Sputnik

БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Ош шаарында эл аралык террордук уюмдун (ЭТУ) мүчөсү кармалганын УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, буга чейин 31 жаштагы Т.Н. аттуу адамга карата Кылмыш жаза кодексинин 395-беренесинин 2-бөлүмү ("Жалдануучулук") боюнча иш козголгон.

"Кармалган киши 2014-2017-жылдар аралыгында Сириянын аймагында болгон. Ал убакта Сирия Араб Республикасынын өкмөтүнүн аскерлерине каршы ЭТУ катарында куралдуу жаңжалдарга катышып келген. Соттук териштирүүнүн материалдары жана Ош шаардык сотунун чечими менен анын жашаган жеринде санкцияланган тинтүү жүргүзүлүп, кандайдыр бир тыюу салынган буюмдар табылган жок", — деп айтылат маалыматта.

Кармалган адам УКМКнын камак жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.