Досун куткарабыз деген 7 бала кошо сууга чөгүп кетти. Кытайдагы окуя

Балдар башталгыч класстын окуучулары болушкан. Дем алыш күндөрү дамбанын жанында ойноп жатышканы айтылат. Бирок бир бала кокусунан сууга түшүп кетип, калган жетөө аны куткарганга аракет жасап өздөрү чөгүп кетишкен.
Sputnik

БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Кытайдын Чунцин шаарында дамбага түшүп кеткен досун куткарабыз деген мектеп курагындагы жети бала сууга чөгүп кетти. Бул тууралуу өлкөнүн борбордук телеканалы маалымдаганын РИА Новости жазды.

Окуя жекшемби күнү түштөн кийин Туннань уездиндеги Мисьнь аймагында болгон. Фуцзян дарыясынын дамбасына сууга түшүп кеткендер тууралуу маалымат түшөрү менен издөө-куткаруу иштери башталган. Сегиз баланы табууга 200дөн ашуун адам киришип, өрт өчүрүүчүлөр, куткаруучулар жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери тартылган.

Сууга түшөрдө баланын жанынан карыш жылбаңыз! ӨКМдин ата-энелерге эскертүүсү
Бирок балдарды аман-эсен ата-энесине кайтаруу мүмкүн болгон эмес. Дүйшөмбү күнү жергиликтүү убакыт боюнча 0.30да (жекшемби күнү Бишкек убактысы менен 16.30) куткаруучулар жети окуучунун сөөгүн суудан алып чыгышса, ал эми 7.10до (Бишкек убактысы боюнча 23.10) сегизинчи баланын денесин табышкан.

Алдын ала жүргүзүлгөн тергөө иштерине ылайык, балдар башталгыч класстын окуучулары болушкан. Дем алыш күндөрү дамбанын жанында ойноп жатышканы айтылат. Бирок бир бала кокусунан сууга түшүп кетип, калган жетөө аны куткарганга аракет жасап өздөрү чөгүп кетишкен.