БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Кыргызстанда акыркы суткада 205 кишинин коронавируска кабылганы белгилүү болду. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов брифинг учурунда билдирди.
- Бишкек — 82;
- Чүй облусу — 33;
- Ош — 25;
- Ош облусу — 20;
- Ысык-Көл облусу — 10;
- Жалал-Абад облусу — 8;
- Баткен облусу — 2;
- Талас облусу — 19;
- Нарын облусу — 6.
Ушуну менен өлкө аймагында коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 3 356га жетти.