Июлда мээ кайнаткан ысык болобу? Аба ырайынын келерки айга божомолу

Синоптиктер келе жаткан айда өлкө аймагында күн канча грудуска чейин ысып, жаан-чачын канча жаарын айтып беришти.
Sputnik

БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги июль айына карата аба ырайынын божомолун айтты. Маалыматка ылайык, ай ичинде орточо температура нормадан бир градуска жогору болот.

Июлда мээ кайнаткан ысык болобу? Аба ырайынын келерки айга божомолу

Ал эми жаан-чачындын көлөмү адаттагысынан ашпайт, атургай айрым аймактарда мурдагы көрсөткүчтөрдөн төмөнүрөөк болору күтүлүүдө.

Июлда мээ кайнаткан ысык болобу? Аба ырайынын келерки айга божомолу

Чүй облусу

Ай ичиндеги орточо температура нормадан бир градус жогору болуп, +24…+26нын тегерегинде кармалат. Кемин өрөөнүндө +17…+19 градус болот.

Июль айынын ичинде түнкүсүн абанын табы +12…+17ден +19…+24кө чейин, күндүз +24…+29дан +33…+38ге чейин жетет. Түндүктө жаан-чачын нормадан азыраак, тоолуу райондордо жана тоо этектеринде адаттагыдай эле абал сакталат.

Талас облусу

Ай ичиндеги орточо температура климаттык нормадан жогору, +21…+23 градустун тегереги.

Түнкүсүн термометр +9…+14төн +15…+20га чейин, күндүз +24…+29дан +31…+36га чейин көрсөтөт.

Жаан-чачын нормадан аз болору айтылды.

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары

Аптаптуу ысык болобу? Бир жумага карата аба ырайы
Ай ичиндеги орточо температура адаттагыдан жогору болуп, түздө +25…+27, тоолуу райондордо +22…+24 градуска жетет.

Түнкүсүн ысык +14…+19дан +20…+25ке чейин, күндүз +26…+31ден +33…+38ге чейин жетет.

Тоолуу аймактарда бул көрсөткүч бир аз айырмаланат. Тагыраагы, түнкүсүн +9…+14төн +15…+20га чейин, күндүз +22…+27ден +29…+34кө чейин көтөрүлөрү болжолдонуп жатат.

Ысык-Көл облусу

Ай ичиндеги орточо температура Көлдө дагы нормадан жогору, +19…+21 градуска чейин жетет.

Бул аймакта түнкүсүн күн +10…+15, күндүз +19…+24төн +26…+31 градуска чейин ысык болот.

Жаан-чачын нормага жакын.

Нарын облусу

Ай ичиндеги орточо температура +18…+20 тегерегинде кармалып, нормадан бир градус жогору болот.

Түнкүсүн +6…+11ден +12…+17 градуска чейин, күндүз +19…+24төн +27…+32ге чейин жетет.

Жаан-чачын нормага жакын.