БИШКЕК, 22-июн. – Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясынын аппарат кызматкеринен COVID-19 аныкталгандыктан, имарат толугу менен дезинфекцияланды. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.
"Аппарат кызматкерлеринин биринен вирус чыккандыктан, бүгүн, 22-июнь күнү, бардык кабинеттер, жыйындар залы жана коридорлор тазаланды", — деп айтылат билдирүүдө.
Мындан улам бейтап менен байланышта болгондор изоляцияга алынды. Башка кызматкерлер дагы аралыктан иштей баштады.