Бизди да алып кеткиле! Россиядагы студенттер кыргыз бийлигине кайрылды

Новосибирск, Барнаул жана Бийск шаарларында окуган кыргыз студенттери акыркы эки айдан бери эч кандай гуманитардык жардам алышпаганын, консулдуктардын көңүл сыртында калышканын айткан.
Sputnik

БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Россиянын бир нече шаарларындагы кыргызстандык студенттер бийликке кайрылып, мекенге эртерээк алып кетүүсүн суранышты. Студенттердин видеокайрылуулары соцтармактарга жарыяланган.

Новосибирск, Барнаул жана Бийск шаарларында окуган кыргыз студенттери видеокайрылуусун Instagram баракчасына жайгаштырышкан. Алардын айтымында, акыркы эки айдан бери эч кандай гуманитардык жардам алышкан эмес жана консулдуктардын көңүл сыртында калышкан.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от MEDDIN KUBANYCH🐊 (@medd1n)

"Көпчүлүк студенттердин ата-энелери карантинге байланыштуу жумушсуз отурат. Ошондуктан жатакана акысын төлөө кыйын болууда. Азык-түлүк жагынан кыйналып турган студенттер дагы бар экендигин белгилеп кеткибиз келет. Майы жок сууга тамак бышырып жаткандар бар. Сураныч, үй-бүлөбүзгө аман-эсен жетүү үчүн бизге жардам бериңиздер", — деп айтылган видеокайрылууда.

Кыргыз бийлигине ушундай эле кайрылууну Томск, Кемерово шаарларында окуган мекендеш студенттер да жөнөткөн. Азыркы тапта бул шаарларда 200дөй кыргыз студенти бар.

"Кырдаалга түшүнүү менен мамиле кылып, чыдадык, күттүк. Айтылган санитардык талаптардын баарын аткарып жатабыз. Бирок мекенге алып кетет деген үмүт өчүп баратат. Бизге мекенге, үйгө кайтууга жардам бериңиздер. Жатаканада жашоо мөөнөтүбүз аяктап, тамак-аш да түгөнүп бара жатат. Башка мамлекеттер өз студенттерин алып кетишти", — деп айтылат видеокайрылууда.

Студенттер, кош бойлуулар, оорулуулар. Якутиядан Бишкекке 170 киши кайтты
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы кайрылган студенттер КРдин Москвадагы элчилиги, Екатеринбург, Новосибирск шаарларындагы башкы консулдуктар менен тыгыз байланышта болуп туруусун айтты. Ал эми элчилик менен байланышуу мүмкүн болгон жок.

Буга чейин Казань шаарындагы студенттер чартердик каттам менен мекенге алып келинген. Тышкы иштер министрлиги чет мамлекеттерден мекенге келчү студенттер көп болуп жатканын айтып, аларды алып келүү иштери уланып жатканын кошумчалаган.