Рамзан Кадыров коронавируска тапшырган тесттин жыйынтыгын айтып берди

20-июнда Кадыров пандемия учурунда ыктыярчылар тобуна кошулган Чеченстандын КВН курама командасы менен жолугушкан. Алардын арасында мурда коронавирус аныкталгандыктан бардыгы тест тапшырууну туура көрүшкөн.
Sputnik

БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров ВКонтакте тармагындагы баракчасына коронавируска чалдыкпаганын жана буга чейин дагы оорубаганын жазды. 

Рамзан Кадыров 76 жылдан кийин Бишкектеги боордошун мекенине алып кетти
Эске салсак, ЖМКлар бир ай мурда Чеченстандын башчысы коронавируска шектелип Москвадагы ооруканада жаткандыгын жазышкан. Бирок бул маалыматты облустук ыкчам штаб менен Кадыров четке каккан.

Өзүнүн айтымында, ал 20-июнда пандемия учурунда ыктыярчылар тобуна кошулган Чеченстандын КВН курама командасы менен жолугушкан. Талкуунун жүрүшүндө бардыгы COVID-19га тест тапшырууну чечишкен.

"Менин тестимде антителолор табылган жок. Бул мен коронавирус инфекциясын жуктурбаганымдан кабар берет", — деп жазган Кадыров.

Ошондой эле ал КВН командасынын 80 пайызы (беш кишинин төртөө) мурда коронавирус менен ооруп айыккандыгын кошумчалаган.