Москвадан Бишкекке 431 мекендеш учуп келди

Мекендештерди алып келген "Аэрофлот" авиакомпаниясынын чартердик каттамы "Манас" эл аралык аэропортуна конгон. Алардын баары медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга алынат.
Sputnik

БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. "Москва — Бишкек" каттамы боюнча Кыргызстанга 431 кыргыз жараны учуп келди. Алардын арасында жаш балдар дагы бар. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Ага ылайык, мекендештерди алып келген "Аэрофлот" авиакомпаниясынын чартердик каттамы "Манас" эл аралык аэропортуна конгон.

"Каттамдын орундуктары чектелүү, ал эми мекенге келүүнү каалаган жарандардын саны көп болду. Мындан улам тизмени элчилик, консулдук өкүлдөрү жана медиктерден турган атайын комиссия түзгөн", — деп айтылат маалыматта.

Кыргызстанга келген мекендештердин баары медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга алынат. Штаб чет мамлекеттерде жүргөн кыргыз жарандарын өлкөгө кайтаруу иштери уланарын кошумчалады.