Өткөн суткада коронавирустан бир аял менен бир эркек каза тапты

Соңку статистика боюнча, өлкөдө коронавирустан 37 адам ажал тапты. Арасында вирустун айынан өнөкөт оорулары күчөп кеткендер да бар.
Sputnik

БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Өткөн суткада Кыргызстанда коронавирустан эки адам каза болду. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

Алардын бири Токмок аймактык ооруканасында жаткан 46 жаштагы аял, экинчиси темир жол ооруканасында дарыланып жаткан 51 жаштагы эркек киши экени айтылды.

"Эркек кишиде коронавирус оор формада өтүп жаткан. Эки тараптуу пневмония болчу, дем ала албай кыйналган. Анүстүнө он күн бою өз алдынча дарыланып жүрө берген. Абалы начарлап кеткенде гана темир жол ооруканасына барып, бирок дарылоо жардам берген эмес. Экинчи бейтап — аял киши дагы оор абалда стационарга түшкөн. Андан дагы вирус аныкталып, мындан тышкары, кургак учук, кант диабети менен жабыркай турганы аныкталган. Реанимациялык жардамдар көрсөтүлүп, жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырганыбыз менен жыйынтык чыккан жок", — деди Үсөнбаев.

Белгилей кетсек, соңку статистика боюнча өлкөдө коронавирустан 37 адам ажал тапты.