Акыркы суткада 170 адам коронавирус жуктуруп алды

Акыркы 3-4 күндөн бери коронавирус жуктургандардын саны кескин өсүүдө. Кечээ вирус 192 кишиден чыккан.
Sputnik

БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Бүгүн Кыргызстанда дагы 170 кишиден коронавирус чыкканын саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

"Акыркы суткада жуктуруп алгандардын ичинен 56сы Бишкек шаарынан, Чүйдө 43. Мындан тышкары, Ош шаарында 14, Ош облусунда 22, Баткенде бирөө, Жалал-Абадда 19, Ысык-Көлдө 15 киши коронавирус жуктурган", — деди Үсөнбаев.

Ушуну менен вирус илештирип алгандардын жалпы саны 3151ди түздү. Анын ичинен 2011 бейтап айыгып чыкса, коронавирус жуктурган 37 киши көз жумган.