БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Тажикстандын Тоолуу Бадахшан облусунун Мургаб, Лахш (Жерге-Тал) райондорунда жана Афганистандагы Улуу, Кичи Памирде жашап жаткан этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам жөнөтүлдү. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.
Билдирмеге ылайык, гумжардам жүктөлгөн автоунаалардын колоннасы Ош шаарынан чыгып кеткен.
Тоолуу Бадахшан менен Улуу жана Кичи Памирдеги кыргыздарга гумжардам жөнөтүлдү
© Фото / пресс-служба МЧС КР
Лахш (Жерге-Тал) районуна жөнөтүлгөн гумжардам:
- 100 тонна биринчи сорттогу буудай уну;
- 2000 даана одеяло;
- 300 куту тазалоочу каражаттар.
Мургаб районуна жөнөтүлгөн гумжардам:
- 100 тонна биринчи сорттогу буудай уну;
- 2000 даана одеяло;
- 250 куту тазалоочу каражаттар.
Улуу Памирге жөнөтүлгөн гумжардам:
- 12,5 тонна биринчи сорттогу буудай уну;
- 500 даана одеяло;
- 100 куту тазалоочу каражаттар;
- 5 тонна күрүч;
- 1250 литр өсүмдүк майы;
- 10 куту медициналык каражаттар.
Кичи Памирге жөнөтүлгөн гумжардам:
- 12,5 тонна биринчи сорттогу буудай уну;
- 500 даана одеяло;
- 100 куту тазалоочу каражаттар;
- 5 тонна жергиликтүү күрүч;
- 1250 литр өсүмдүк майы;
- 10 куту медикамент.
Гуманитардык жардамды ӨКМдин Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун башчысынын орун басары полковник Алмаз Рыскелдиев башкарган экспедициялык топ алып кеткен.