Боронов: COVID жуктургандар көбөйүшү мүмкүн, ооруканаларда орун даярдоо керек

Премьер-министр оору жуктуруп алгандардын саны барган сайын өсүп жатканын айтып, бардык кырдаалга даяр туруу керектигин баса белгилеген.
Sputnik

БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Дүйнөлүк тажрыйба көрсөтүп тургандай, оору жуктуруп алгандардын саны дагы өсүшү мүмкүн. Ошондуктан шаарда да, аймактарда да бейтаптар жаткырылчу жайларды даярдоо керек. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов өкмөттүн жыйынында билдиргенин маалымат кызматы кабарлады.

Жыйында Кубатбек Боронов тез жардам унааларынын санын көбөйтүү зарылдыгын да баса белгилеген.

"Социалдык тармактарда тигил же бул оорукана бейтаптарды кабыл албай жаткандыгы тууралуу маалыматтар тарап жатат. Азырынча мындай көрүнүштөр сейрек кездешүүдө. Бирок абалдын начарлап кетүү ыктымалдыгына даяр болушубуз керек. Ошол учурда орундардын жетишсиздик маселеси жаралышы мүмкүн. Медициналык тез жардамдын ишин координациялоо зарыл. Ооруп жаткан адамга чыгып жаткан ар бир дарыгерлер тобу коронавирус инфекциясы аныкталган учурда бейтапты кайда жайгаштыруусун так билүүсү керек", — деди өкмөт башчы.

Коронавирус менен симптому жок ооругандар жана жакындары эмнелерге милдеттүү
Премьер-министр оору жуктуруп алгандардын саны барган сайын өсүп жатканын да айткан.

"Дүйнөлүк тажрыйба көрсөтүп тургандай, оору жуктуруп алгандардын саны өсүшү мүмкүн. Ошондуктан бейтаптар жаткырылчу жайларды даярдоо керек. Бул өлкөнүн бардык аймактарына тийиштүү. Ошол эле учурда медиктерди унутпай, алар үчүн "таза зоналардагы" шарттарды жакшыртуу керек. Бейтаптын абалы ак халатчандардан көз каранды", — деди Боронов.

Ал тийиштүү органдарга санитардык талаптар жана аралыкты сактоо боюнча маалыматтык кампанияны күчтөндүрүү тапшырмасын берген.