БИШКЕК, 21-июн. – Sputnik. Тынч уктоону кааласаңыз, төшөккө жаткандан кийин смартфонду карабай койгон оң. Бул тууралуу медицина темалары боюнча адис Владислав Мохамед Алиге шилтеме берип РИА Новости жазды.
"Азыр көпчүлүк кишилер жатып, жарыкты өчүрүп алып телефонду чукулаганды адат кылып алганбыз. Караңгы бөлмөдө организм бир чети уйкуга камданат, экинчи четинен телефондун жарыгын көрүп, мээ адашат. Тагыраагы, ал уйкуга кетүү керекпи же жокпу деген суроолордун ортосунда чайналат", — деди адис.
Мындан улам мээнин айрым бөлүктөрү активдүү иштөөгө аракет кылса, башка бир жагы эс алууга даярданып, жыйынтыгында баш оору пайда болору кошумчаланды.
Анткен менен адис учурда смартфондордун экранында көзгө күч келтирбеген түнкү режимин колдонсо болорун айтып, бирок бардыгы чени менен болушу керектигин эскертти.