Бүтүрүүчүлөр үчүн түзүлгөн тесттен өтө аласызбы? ЖРТнын суроолору

Эртеңден тарта кыргызстандык бүтүрүүчүлөр жалпы республикалык тестирлөөдөн өтө баштайт. Учурда көптөрдүн жүрөгү дүкүлдөп, толкунданып турган учуру. Алардын арасында абитуриенттер менен ата-энелер, жакындары да бар.
Sputnik

Сиз негизи ЖРТ дегенден өтүп көрдүңүз беле? Эгер жок десеңиз, анда өзүңүздү абитуриент сезип, билимиңизди текшерип көрүүнү сунуштайбыз.

Sputnik Кыргызстан  агенттигинин сайтынан каалаган темада каалаган учурда каалаган санда тест таба аласыз, алардын тематикасы ар кыл.

ЖРТ боюнча суроо барбы? Министрлик ыкчам байланыш номерин жарыялады
Эгерде Кыргызстан санариптешип баратат, онлайн-диктант жазышым керек десеңиз, аныбыз дапдаяр.

Сабаттуу жаза аларымды текшерем дегендерге тестти илгиртпей сунуш кылабыз.

Кандай гана кыргызча татаал сөз болсо да, кыйналбай түшүнөм дегендер үчүн да тест даярдаганбыз.

Депутаттын ката жазарын көрөм десеңиз, көз майыбызды коротуп жасаган тест да бар.

Баса, Facebook баракчабызга кирсеңиз, каалаган темада тесттер бар. Четинен өтө берсеңиз болот.