Ооруканада бир жума жатпай, көз жумду. COVID-19дан каза тапкандардын чоо-жайы

Кечээ коронавирустан каза болгон адамдар 59, 61 жана 62 жашта болгон. Экөө Ош облусунун, бирөө Ысык-Көлдүн Түп районунун тургуну эле.
Sputnik

БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Өткөн суткада Кыргызстанда коронавирустан көз жумган үч адам абалы өтө оорлошкондон кийин медиктерге кайрылган. Бул туурасында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, үч бейтап тең ооруканада, түшкөнүнө бир жума жетпей каза болгон. 

62 жаштагы эркек киши Түп аймактык ооруканасына 15-июнда пневмония жана респиратордук оорулардын белгилери менен түшкөн. Абалы өтө оорлошкондо дарыгерлерге кайрылганга мажбур болгон. 8-июндан бери эле дене табы көтөрүлүп, деми кысылып, шалдырап жүргөн. Күндөн-күнгө абалы оорлошо бергендиктен интенсивдик терапияга да алынган. Тилекке каршы, реанимацияда жатып каза болуп калды. Ага коронавирустан сырткары өпкөсүнүн оң тарабынан пневмония, жүрөгү да ооруган деген диагноз коюлган.

COVID-19: Жогорку Кеңештин депутаттары тыкыр текшерилип жатат
61 жаштагы эркек киши Ош облусунун Кара-Суу районунун тургуну 17-июндан тарта дене табы көтөрүлүп, жөтөлүп, деми кысылып жаткан. Андан коронавируска анализ алынып, жеке менчик ооруканада дарылана баштаган. 2014-жылдан баштап оор инфаркт жана гипертониялык илдети менен каттоодо турган. Дарылоо натыйжа бербей, дем алуунун жетишсиздигинен улам көз жумган. 

59 жаштагы аял Ош облустук оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмүнө жаткырылган. 18-июнда анда коронавирустук инфекция өтө оор абалда өтүп жатканы белгилүү болгон.  Эки өпкөсү кагынып, дем алуунун жетишсиздиги 3-4-даражада деп бааланып, ар кыл оорулары козголгон. Эти ысып, тамакка табити жоголуп, көңүлү айланып, шалдырап, бөйрөк туштары ооруй баштаган. Алсыраган.

Бейтаптан дарыгерлер сураганда тогуз күн бою жогоруда айтылган синдром менен жатканын жана өз алдынча дарыланганын айткан. Антибиотиктердин бир нече түрүн, дене табын түшүрө турган дарыларды колдонгон. Аягында абалы оорлошкондо Тез жардам чакырган. Вирусту кайсы жерден жугузуп алганын билбейт.

Ал соңку убакта гипертониялык оору менен каттоодо турган. Дарылоонун бардык мүмкүнчүлүгү колдонулганына карабай каза болуп калган.   

Белгилей кетсек, соңку статистика боюнча өлкөдө коронавирустан 35 адам ажал тапты. Ал эми ооруну жуктургандардын саны 2981ге жетип, анын ичинен 1981 адам айыгып чыкты.