Коронавирустан болгону 20 киши арылды. Бүгүнкү статистика

Республика боюнча жалпы 1981 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. Көпчүлүгү Чүй облусунун тургундары.
Sputnik

БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Бир сутка ичинде ооруканадан 20 бейтап сакайды. Бул тууралуу брифинг учурунда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

"Алардын ичинде үчөө Бишкек шаарынын, 11и Чүй облусунун, бири Ош шаарынын жана бешөө Нарын облусунун тургундары", — деди Үсөнбаев.

Республика боюнча жалпы 1981 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.