БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Бир сутка ичинде аныкталган 192 учурдун 82си үйүндө дарылана баштады. Бул тууралуу брифинг учурунда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
"Аныкталган учурлардын арасынан 82 бейтап оорунун белгиси жок болгондуктан үйүндө болуп, дарыгерлердин көзөмөлүндө", — деди Үсөнбаев.
Эске салсак, өткөн аптада Кыргызстанда коронавирусту дарылоо боюнча алгоритм алмашкан. Ага ылайык, эми оорунун белгиси жоктор үйүндө каралат.