Казакстанда 69 жылкыга чагылган тийип, кырылып калган видео

Жаратылыш кырсыгы Каркаралы районундагы Жарлы айылына жакын жердеги Кайынды-Көл суусунда болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Коңшу өлкөнүн Караганды облусунда 69 жылкыга чагылган тийди. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды.

Жаратылыш кырсыгы Каркаралы районундагы Жарлы айылына жакын жердеги Кайынды-Көл суусунда болгон. Жеринде 49 ири жылкы, 20 кулун өлүп калды.