БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал курчуйт, ага карата даярдыкты күчөтүү керек. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында айтканын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Боронов коронавирус боюнча Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунда абал курч болуп турганын белгиледи.
“Облус жетекчилери эпидемиологиялык кырдаал боюнча жеке жоопкерчилигиңер бар. Аймактарда абалды көзөмөлдөө иштери толук кандуу жүргүзүлбөй жатат. Коопсуздук кеңештин бардык тапшырмалары сапаттуу жана өз учурунда аткарылышы керек. Ооруканаларда бейтаптардын санынын көбөйүшүн эске алуу менен, ошондой эле мекемелердеги ар кыл багыттардын ишине даярдык көрүлүүгө тийиш”, — деди Боронов.
Мындан сырткары өкмөт башчы 118 кызматына нааразы болгондор көп экенине токтолду.
“Коомчулук бул кызматка чалуу кыйын болуп жатканына нааразы болууда. Колл-борборго кайрылган жаранга, ыкчам түрдө жардам берилсин, ал эртең мененкиге чейин күтпөшү керек. Ушундай режим менен күнү-түнү бүт өлкө боюнча иштөөгө тийиш. Кызматтын дараметин күчтөндүрүп, кызматкерлердин санын көбөйтүү зарыл”, — деди премьер-министр.
Аны менен катар Боронов жеке лабораториялар тарабынан COVID-19га анализ алуу маселесин иштеп чыгуу маанилүү болуп турганын айткан.
Ошондой эле мамлекеттик органдарга, жеке менчик уюмдарга аралыктан иштөө режимине өтүп, социалдык обочолонуу эрежелерин сактоону сунуштады.