Бишкек — Алматы жолунун боюндагы курулуштар иретке келтирилип, айыл чектери такталды

Шаар четиндеги айылдардын тилкелери жана көчөлөр менен магистралдардын кесилиштери белгиленип, Бишкек — Алматы жолунун боюндагы аймактарды иретке келтирүү иштери жүрүүдө.
Sputnik

БИШКЕК, 20-июн. – Sputnik. Чүй облусундагы Аламүдүн айыл аймагынын чектери даана белгиленип, Мамлекеттик курулуш комитетинин алдындагы Шаар куруу, архитектура жана долбоорлоо институту тарабынан аймактын башкы планы иштелип чыкты. Бул тууралуу Аламүдүн айыл аймагынын жетекчилиги билдирди.

Ал Бишкек шаарынын башкы планында белгиленген шаар четиндеги Аламүдүн жана Садовое айылдарын өнүктүрүүнү шарттайт.

Мындан сырткары Аламүдүн жана Ленин айыл өкмөттөрүнүн чек арасын белгилөө аягына чыгарылып, кээ бир аймактардын почталык индекси өзгөртүлгөн.

"Долбоордо функционалдык жана курулуш тилкелери такталып, курулуштун чоңдугу, архитектуралык көрүнүшү боюнча сунуштар иштелип чыкты. Шаар четиндеги айылдардын кызыл тилкелери жана көчөлөр менен магистралдардын кесилиштери белгиленди", — деп айтылат маалыматта.

Андан сырткары Бишкек — Алматы жолунун боюндагы 75 гектар жерди, Аламүдүн айыл аймагындагы 140 жана аянты 69,8 гектар жерди пландаштыруу жана курулуштарды иретке келтирүү, өнүктүрүү боюнча иш-чаралар каралган.